Сколько сомов добавляют мясники Токмока к оптовой цене?
В Кочкоре мечтают о здании детсада, который сейчас находится в частном доме. Фото
В Майлуу-Суу у мужчины в кафе обнаружили наркотические вещества
Ученые сделали первый снимок «британского» штамма коронавируса
Закрытие ворот со стороны морга Жайылской больницы создает столпотворение у главного входа медучреждения. Видео
Через 15 лет люди могут жить на гигантских шарах, плавающих в поясе астероидов между Марсом и Юпитером, - Live Science
На Иссык-Куле в ходе рейда задержаны 33 пьяных водителя
Дорогу, ведущую в Арстанбап, начнут ремонтировать весной
Ночью морозы до -22, днем тепло до +7 — прогноз погоды на 26 января
Врач назвал способ вернуть обоняние и вкус после коронавируса
В Аксы строят дополнительное здание больницы с мечетью. Фото
Лебеди и зимний Иссык-Куль. Видео
Бывших вице-премьеров Омурбекову и Исмаилову пригласили в Финпол
Скончалась инспектор ИДН УВД Ленинского района Феруза Кенжесериева. Ей был 31 год
Задержан Абдиль Сегизбаев
Электронный ТОП-200 крупнейших компаний уже в продаже: «Куликовский», «РИХА», «Каинды Кант», кто еще в лидерах?
АКС ГКНБ выявила незаконные стройки Elite House (адреса объектов)
Кто входил в республиканский штаб по борьбе с коронавирусом с самого начала? Фамилии
Первая заграничная поездка Садыра Жапарова планируется в Россию
Соцсети обсуждают «Лексус LX570», на котором глава Кызыл-Октябрского айыл окмоту приехал на коллегию. Он ответил
Сотрудники ГСБЭП выявили факт искусственного завышения стоимости перелета по рейсу Бишкек—Москва туроператором
Фото — Аманбеку дали пожизненный срок за убийство школьницы
Глава ГАООСиЛХ Динара Кутманова находится в Генпрокуратуре
Бестселлеры 2020: Ализат из Жумгала открыла кафе с кыргызской кухней в Милане
АКС ГКНБ: Установлены факты незаконного обогащения со стороны директора Департамента дорожного хозяйства при Минтрансе
АКС ГКНБ: Выявлены коррупционные схемы по незаконному строительству с участием одной из стройкомпаний
Сотрудники ГСБЭП задержали инспектора Юго-западной таможни в городе Ош

Коомдо укуктун үстөмдүк кылышы – бул укуктук мамлекеттин өкүм сүрүшүнүн негизги принциби. Ал башка бардык принциптердин аткарылышына кепил болот. Укуктун үстөмдүгү — бул жарандардын, кызматкерлердин, түрдүү уюмдардын, өкмөттүк мекемелердин, ошондой эле, биринчи кезекте, мамлекеттин өзүнүн укукка баш ийүүчүлүгү. Мамлекет жарандардын эркин мыйзам актылары аркылуу туюндурат, ал мыйзамдардын так жана кыйшаюусуз бардык жарандар тарабынан аткарылышын көзөмөлдөйт жана мыйзамдардын бузулбашына кепилдик кылат. Бирок бул өзүнөн өзү эле ишке аша койбойт. Мыйзам — бул кыргыздын калканы. Коомдук түзүлүштүн, адам укуктарынын жана жашоо тиричилигиндеги эрежелердин топтому. Мыйзам — бул кыргыздын ыйманы, намысы, үрп-адаты, каада-салты.
Кыргызда мурун мыйзам болгон эмес дегенди көп эле эшитип жүрөм. Кыргыз эли көчмөн эл болгондуктан жазылбаган мыйзамдары оозеки түрүндө колдонулуп, ал тургай тили чыккан баладан өлөсөлү чал-кемпирлерге чейин жатка билген, аны ар дайым так аткарышкан. Ал эзелтен, тээ Манас ата, Семетей, Сейтектен бери айныбай бекем так аткарып келген каада-салт, үрп-адаттары кыргыз элинин стабилдүү Конституциясы болгон деп түшүнөм. Мыйзам бүгүнкү күндө өлкөнүн жүрөгү. Жүрөк инсанга кандай жакшы кызмат кылса, адамдын өмүрү ошончолук узун болгон сыңары, мыйзам канчалык сакталса, мамлекетибизде ошончолук стабилдүүлүк орнойт. Кыргызстан деген унаа болсо, ошол унаанын матору бул мыйзам. Матор жакшы иштеп турса, унаа жүрүп тургандай эле, мыйзам жакшы кызмат кылса, мамлекетибиз дүркүрөп өнүгүү жолуна түшөт.
Кыргызстандын 1993-жылы кабыл алынган биринчи Конституциясы Франциянын варианты менен алынып, Кыргызстан парламенттик-президенттик башкаруу формасына өтүп, күчтүү парламент түзүлгөн. Андан бери биздин баш мыйзам көп жолу алмашып, эки президенттин доорунда «улак тартышка» түшүп келди. Арийне, өз ордун сактап, канча ирет ур-тепкиге алынса да, комузду сындырсаң музыка сынбаган сыңары, баш мыйзамды бузгандарга, эки жолку элдик ыңкылап болуп, конституциянын «к» тамгасы кыйшайбай өлкөбүз үчүн кызматын кылып келүүдө. Конституцияны бузуу бул күнөө, обу жок өзгөрткөндөргө каргышы тиет деп айтаар элем. Буну туңгуч президентибиз Акаев менен Бакиевтин талкаланган тагдырлары тастыктап турат. Мыйзам менин укуктарымды түз мааниде да, кыйыр мааниде да коргойт. Бир гана укуктарымды эмес, өмүрүмдү, ден-соолугумду, келечегимди коргойт. Кыргызстанда эгемендүүлүктү, эркиндикти, тынчтыкты, демократияны, адилеттикти,теңдикти, бейкутчулукту, улуттук баалуулуктарды, нарк-насилди коргойт. Мамлекетибиздеги бакыттын байрагын булгалап турган бул мыйзам экенин баса белгилегим келет. Укук бар жерде милдет да бар экенин айткым келет. Экөөсү эриш-аркак жүрүп, бирин-бири эгиздей толуктап турат. Укугум бар деп куру көкүрөктү кагардан мурун, милдеттерибиз да бар экенин биле журсөк. Учурда мамлекетибизде идеология жок деп көп эле жерде айтылат.
Бир кездерде Манас атабыздын жети осуятын идеология кылабыз деп чыкканбыз. Сыягы майнап чыкпады көрүнөт, азыр жети осуят деп кыйкырбай калдык. Жарандарыбыз үчүн конституция, мыйзамдуулук идеология болушун каалар элем. Мына ошондо укуктун коомдо үстөмдүк кылуусуна жете алабыз. Бала бакчадан мыйзамдуулукка суугарып, мектептерде байма-бай айтып, атуулдарыбызды мыйзамга болгон көз карашын түздөп, мыйзам талаасында иш жүргүзсөк ошондо гана өлкөбүз өнүгүү жолуна түшүп, укуктун үстөмдүк кылуусуна жетебиз. Жүрөгү кыргыз деп соккон, кан-жаны менен улуттун келечегине күйгөн мекендештерибиз мыйзамдын бузулушуна жол бербесек. Мыйзамды кооз кылып жазып койуу эле эмес, колдонуп таштап салуу эмес, коргош да керек экенин унутпасак.
Мен кыргыздын атуулумун, каным-жаным кыргыз дегендерге кайрылуу:
Урматтуу мекендештер, конституцияны, мыйзамдарды көздүн карегиндей сактайлы. Бабалардан калган мурас, кийинки муун алдындагы карызыбыз экенин унутпайлы. Ыйык Куранды улуу туткандай эле (Ыйык Куранга теңебей элемин), конституцияны да туу туталы. Бактыбызды аярлап, аздектейли!!!