ОБЩЕСТВО

2015-11-13 16:18:09

Укуктун үстөмдүк кылуусу деген эмне?
Аналитика
Алгач укук туурасында түшүнүп алалы. Укук — төрт тамгадан турган сөз. Ушул төрт тамганын артында аска-зоодой, апал тоодой зор күч, көз көрбөгөн, кулак укпаган, бирок акыл калчап, мээ түшүнгөн, сууга салсаң чөкпөгөн, отко салсаң күйбөгөн, күмүш капаска камасаң сайрабаган, эркиндикке учуруп жиберсең карматпаган, жакындасаң жалбырттаган, алыстасаң табы жоголгон, кылыч мизиндей курч, арстандай айбаттуу, ошол эле учурда акактай тунук, күн нурундай жылуу, махабаттай улуу, гүлдөй назик, адамга өмүр, ден-соолуктан кийинки эле эң керектүү нерсе. Укуктун улуулугун кимдер гана жар салбады. Укук үчүн аалам алты айланып, канчалаган эр азаматтар жер менен жексен болду. Укукту биринчи жараткан кудай берет, анан Кыргызстан, андан кийин конституция жана башка укуктук актылар.

Коомдо укуктун үстөмдүк кылышы – бул укуктук мамлекеттин өкүм сүрүшүнүн негизги принциби. Ал башка бардык принциптердин аткарылышына кепил болот. Укуктун үстөмдүгү — бул жарандардын, кызматкерлердин, түрдүү уюмдардын, өкмөттүк мекемелердин, ошондой эле, биринчи кезекте, мамлекеттин өзүнүн укукка баш ийүүчүлүгү. Мамлекет жарандардын эркин мыйзам актылары аркылуу туюндурат, ал мыйзамдардын так жана кыйшаюусуз бардык жарандар тарабынан аткарылышын көзөмөлдөйт жана мыйзамдардын бузулбашына кепилдик кылат. Бирок бул өзүнөн өзү эле ишке аша койбойт. Мыйзам — бул кыргыздын калканы. Коомдук түзүлүштүн, адам укуктарынын жана жашоо тиричилигиндеги эрежелердин топтому. Мыйзам — бул кыргыздын ыйманы, намысы, үрп-адаты, каада-салты.

Кыргызда мурун мыйзам болгон эмес дегенди көп эле эшитип жүрөм. Кыргыз эли көчмөн эл болгондуктан жазылбаган мыйзамдары оозеки түрүндө колдонулуп, ал тургай тили чыккан баладан өлөсөлү чал-кемпирлерге чейин жатка билген, аны ар дайым так аткарышкан. Ал эзелтен, тээ Манас ата, Семетей, Сейтектен бери айныбай бекем так аткарып келген каада-салт, үрп-адаттары кыргыз элинин стабилдүү Конституциясы болгон деп түшүнөм. Мыйзам бүгүнкү күндө өлкөнүн жүрөгү. Жүрөк инсанга кандай жакшы кызмат кылса, адамдын өмүрү ошончолук узун болгон сыңары, мыйзам канчалык сакталса, мамлекетибизде ошончолук стабилдүүлүк орнойт. Кыргызстан деген унаа болсо, ошол унаанын матору бул мыйзам. Матор жакшы иштеп турса, унаа жүрүп тургандай эле, мыйзам жакшы кызмат кылса, мамлекетибиз дүркүрөп өнүгүү жолуна түшөт.

фемидаКыргызстандын 1993-жылы кабыл алынган биринчи Конституциясы Франциянын варианты менен алынып, Кыргызстан парламенттик-президенттик башкаруу формасына өтүп, күчтүү парламент түзүлгөн. Андан бери биздин баш мыйзам көп жолу алмашып, эки президенттин доорунда «улак тартышка» түшүп келди. Арийне, өз ордун сактап, канча ирет ур-тепкиге алынса да, комузду сындырсаң музыка сынбаган сыңары, баш мыйзамды бузгандарга, эки жолку элдик ыңкылап болуп, конституциянын «к» тамгасы кыйшайбай өлкөбүз үчүн кызматын кылып келүүдө. Конституцияны бузуу бул күнөө, обу жок өзгөрткөндөргө каргышы тиет деп айтаар элем. Буну туңгуч президентибиз Акаев менен Бакиевтин талкаланган тагдырлары тастыктап турат. Мыйзам менин укуктарымды түз мааниде да, кыйыр мааниде да коргойт. Бир гана укуктарымды эмес, өмүрүмдү, ден-соолугумду, келечегимди коргойт. Кыргызстанда эгемендүүлүктү, эркиндикти, тынчтыкты, демократияны, адилеттикти,теңдикти, бейкутчулукту, улуттук баалуулуктарды, нарк-насилди коргойт. Мамлекетибиздеги бакыттын байрагын булгалап турган бул мыйзам экенин баса белгилегим келет. Укук бар жерде милдет да бар экенин айткым келет. Экөөсү эриш-аркак жүрүп, бирин-бири эгиздей толуктап турат. Укугум бар деп куру көкүрөктү кагардан мурун, милдеттерибиз да бар экенин биле журсөк. Учурда мамлекетибизде идеология жок деп көп эле жерде айтылат.

Бир кездерде Манас атабыздын жети осуятын идеология кылабыз деп чыкканбыз. Сыягы майнап чыкпады көрүнөт, азыр жети осуят деп кыйкырбай калдык. Жарандарыбыз үчүн конституция, мыйзамдуулук идеология болушун каалар элем. Мына ошондо укуктун коомдо үстөмдүк кылуусуна жете алабыз. Бала бакчадан мыйзамдуулукка суугарып, мектептерде байма-бай айтып, атуулдарыбызды мыйзамга болгон көз карашын түздөп, мыйзам талаасында иш жүргүзсөк ошондо гана өлкөбүз өнүгүү жолуна түшүп, укуктун үстөмдүк кылуусуна жетебиз. Жүрөгү кыргыз деп соккон, кан-жаны менен улуттун келечегине күйгөн мекендештерибиз мыйзамдын бузулушуна жол бербесек. Мыйзамды кооз кылып жазып койуу эле эмес, колдонуп таштап салуу эмес, коргош да керек экенин унутпасак.

Мен кыргыздын атуулумун, каным-жаным кыргыз дегендерге кайрылуу:

Урматтуу мекендештер, конституцияны, мыйзамдарды көздүн карегиндей сактайлы. Бабалардан калган мурас, кийинки муун алдындагы карызыбыз экенин унутпайлы. Ыйык Куранды улуу туткандай эле (Ыйык Куранга теңебей элемин), конституцияны да туу туталы. Бактыбызды аярлап, аздектейли!!!


© Аналитика АКИpress
2008 - 2024 гг.
При полном или частичном использовании материалов ссылка на Аналитику обязательна.
www.analitika.akipress.org