Укуктун үстөмдүк кылуусу деген эмне?
Алгач укук туурасында түшүнүп алалы. Укук — төрт тамгадан турган сөз. Ушул төрт тамганын артында аска-зоодой, апал тоодой зор күч, көз көрбөгөн, кулак укпаган, бирок акыл калчап, мээ түшүнгөн, сууга салсаң чөкпөгөн, отко салсаң күйбөгөн, күмүш капаска камасаң сайрабаган, эркиндикке учуруп жиберсең карматпаган, жакындасаң жалбырттаган, алыстасаң табы жоголгон, кылыч мизиндей курч, арстандай айбаттуу, ошол эле учурда акактай тунук, күн нурундай жылуу, махабаттай улуу, гүлдөй назик, адамга өмүр, ден-соолуктан кийинки эле эң керектүү нерсе.